• 06:42
  • 29 марта 2024
  • Пт
Добавить статью
7:17, 2 июля 2015 1196

Бул арызды аргасыздан Тазабек аркалуу жазууга мажбур болдук.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Жолдубаева И.Ы.

Кара-Балта шаарынын Космическая көчөсүнүн № 10 уйунун тургуну Ибрамов Рамис Рамазановичтен.

0550 760430

А Р Ы З .

Урматтуу Индира Ырысбаевна, менин сизге кайрылганымдын себеби төмөндөгүдөй: Менин арызымдын негизинде 12 июнь 2012 жылы ИИМ оперкызматкерлерине карата КЖКнин 304,305-ст. менен милиция кызматкерлери карата козголгон кылмыш ишин кайрадан Чуй облусунун прокуратурасына тергоосуно жиберилип,азыркы учурда Москва районунун тергоочусу Усманов Ринатка кылмыш иши берилген,тергоо мооноту 15 февраль 2015ж бутмок, Тергоону Чуй областынын прокурорунун орун басары К.Абдраимов тарабынан 3жылдан бери мени темселеткени аз келгенсип, 3 айдан бери тергоо иши жылбай келет,К.Абдраимов кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып кылмыш ишин эки жолу мыйзамсыз каскарткан, мен эки жолу Жогорку соттон утуп, Чуй облусунун прокуратурасынын кызматкерлерине Жогорку сот тарабынан, мыйзам бузгандарга карата 24 февраль 2015 ж жеке аныктама чыккан, Чуй облусунун прокуратурасы, озгочо облпрокурорудун орун басары К.Абдраимов мыйзамдуулукту сактагандын ордуна, тескерисинче кызмат абалынан пайдаланып мыйзамдарды бузуп 3 айдан бери тергоо иши оордуган жылбай Жогорку Соттун чечимин аткарбай жаткандыгы учун кымыш жообуна тартылыш керек. Эки жолку Жогорку соттун чемимин аткарбай, жана Башкы прокуратура озунун 22.12.2015 жылы токтомдун менен мыйзамсыз деп тапкан,ал эми Абдраимов кызматык абалынан кыянаттту пайдаланып же соттун чечимдерин аткарбай же Башкы прокуратуранын токтомуна баш ийбей, Жогорку сотко сунуш келтирген б.а. Абдраимовдун тизгинин тарттурга болобу деген суроо туургандыктан ИНДИРА Ырысбаевна мен сизге экинчи кайрылууга мажбур болдум!

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 24 февраль 2015ж жеке аныктаманы 18 марта 4-053/15 СУ каты менен Чуй облусунун прокуроруна прокуратурасына кызматкерлерине мыйзамды бузгандыгы тууралуу чара колдонуусун жана кат жузундо жооп беруусун талап кылган,бирок Чуй облусунун прокуратурасына бугунку чейин жооп бербейт.

Ошондой эле мен 10 апрель 2015 жылы сизге арыз менен кайрылгам,арыздын жообун №1/1-629 29апрель 2015 жылы алдым,мен алган жоопто,мен койгон бир да суроого жооп бербегениниз окундурот.

Озгочо Сиздин конулузду буру турган факт, бул Чуй облусунун прокуратурасынын тергоочусу Абдилманап уулу Ж., кыскарткан токтомун Кыргыз Республикасынын башкы пркуратурасы 22.12.2015 жылы озунун токтому менен кылмыш ишти ондуруштон кыскартуу жонундогу токтомду жокко чыгарган.

Урматтуу Индира Ырысбайевна, мен сизге экинчи жолу кайрылып жатам, Башкы прокуратурага 3жылдан бери мен арыз жазып, мыйзамсыз,сабатсыз жоопторду алып олтуруп тажадым!!,сиздерден алган каттын жообу 5кг кагаз болду!! !,

Жогоруда корсотулгондорду эске алып, 3 жылдан бери мени сандалтып, ден соолугумду начарлатып, милиция кыматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин мыйзамсыз кыскартып,бир эмес эки жолку Жогорку соттун чечимин аткарбай жаткан кйматкерлерди кылмыш жообуна тартуунузду талап кылам.

Бугунку кундо жогорудагы айтылган кылмыш иштин тергоосу бутуп, айыбын угузуга толук негиз бар, бирок К.Абдраимовдун кийлигишуусу менен тергоо создуктурулуп жатат,эмне учун тергоону негизсиз создуктурганын ким козомол жургузот?.

Жогоркулардын негизинде отуном:

1)Чуй облсунун прокурорунун орун басары К.Абдраимовту соттун чечимин аткарбагындыгы учун,кылмыш жообуна тартылсын, анткени мыйзам боюнча соттун чечими токтоосуз аткарылышы керек;

2)Ишти Башкы прокуратурага алып тергетууну сурайм, себеби иштин ичиндеги айрым куболордун корсоткон протоколдору, видео материалдар ж.б. жоголуп кеткен фактылар ачык бойдон калган, азыркы кунго чейин менин дооматтарым боюнча эч кандай текшеруулор жургузулгон эмес, кимге ишенеримди билбей калдым.

АКЫРКЫ УМУТУМ СИЗДЕ УРМАТУУ ИНДИРА ЫРЫСБАЕВНА, МЕНИН АРЫЗЫМДЫ КОЗОМОЛУНУЗГО АЛУУГА ОТУУНОМ!!!

2.07.2015ж Р.Ибраимов.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Добавить статью
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Закрыть  Закрыть

up

×